BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

  • File image of Jeffrey Epstein

    Жеффри Эпштейн ким болгон? Таасирдүү байланыштары бар, абийири төгүлгөн финансист

    Жеффри Эпштейнге жыныстык эксплуатация үчүн адамдарды сатуу боюнча айыптар коюулуп, ал түрмөдө сотун күтүп жатып каза болгон. Эпштейн ким болгон?

  • уепрке

    "Жеке автомектептер жакшы окутпайт". Президент "Унаа" мекемеси реформа болорун айтты

    Кыргызстанда бардык документтерди, анын ичинде айдоочулук күбөлүктөрдү берүүдө мындан ары коррупция болбойт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Унаа" мекемесине барган учурда билдирди.

  • Каныбек Досмамбетов

    Саламаттык сактоодогу көйгөйлөр: Досмамбетов эмнени өзгөртөт?

    Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн коллегияда өлкөнүн медицина тармагындагы бир катар көйгөйлөр боюнча билдирүү жасады. Бул министр кызматка келген эки ай ичинде кадрдык саясаттан баштап, айрым мекемелердин атын атап, алардын ишин ачык сынга алган биринчи учур. Каныбек Досмамбетовдун акыркы билдирүүлөрү жана кадамдары тармакта реформа башталганын билдиреби? Дегегеле бул тармактагы көйгөйлөр эмнелер?

  • енот

    Чубак ажы Жалиловго "КРнын баатыры" наамын ыйгаруу мүмкүндүгү каралууда

    Президент Садыр Жапаров диний ишмер жана агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген ардактуу наамын ыйгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул тууралуу президент Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибековду кабыл алуу учурунда билдирди.

  • Дональд Трамп

    Трамп: Индия АКШ менен соода келишими үчүн орус мунайынан баш тартты

    АКШ президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди эки тараптуу жолугушууда Дели орус мунайын сатып алуудан баш тартууга макул экенин билдиргенин айтты. Ак үй Вашингтон менен Дели америкалык тарифтердин жогорулашын жокко чыгарган макулдашуу боюнча келишимге келишкенин жарыялады. Моди бажы төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча Трамп менен макулдашканын ырастады, бирок орус мунайы тууралуу эч нерсе деген жок.

Күндүн видеосу

  • Кышкы Олимпиада: Кыргызстандан кимдер барат?
  • Жерүй кениндеги кырсыкта бир киши каза болду
  • Бэтмен ICE агенттерине каршы
  • "Балам аскерден келгенде жалаяк кийип калган"
  • "Денеси көк-ала, башы жарылган". Аскердеги зомбулук
  • Ак-Шыйракта ак илбирс короого кол салды
  • Сицилия: 4 километрге созулган жер көчкү
  • Такси кымбаттайбы? Лицензия көйгөйү
  • "Акын калган жокпу?": Гимн варианттары четке кагылды
  • Кыргызстан: жаш хоккейчилердин дүбүртү
  • "Элит-Строй" чыры. "Үйүм бүтсө барат элем деп ыйлашат"
  • Миннеаполисте USBP агенттери бир кишини атып салды
  • "Алимент өндүрүү үчүн арыз жазсам, баламды уурдап кетти"
  • Ким Чен Ын аялдар мончосуна кирип барды
  • Анар-Бактагы үйлөрдү бузуу токтотулду
  • Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына 15-январь күнү эки жаштагы наристе түшкөн. Рентген жыйынтыгы баланын ичинде 17 даана магнит бар экенин көрсөткөн.

Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз

Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

Редактордун тандоосу

  • Сүрөттө: Киевдин айрым тургундары аткылоо учурунда метродо отурушту

    Орусия кайрадан Украинанын энергетика тармагына сокку урду

    Орусия Киевге, Днепрге, Харьковго, Одессага жана башка шаарларга дрондор жана ракеталар менен жапырт сокку урду. Бул чабуул 3-февралга караган түнү, Абу-Дабиде Украина менен Орусиянын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы этабы башталардын алдында болду. Харьковдун бийлиги чабуул маалында энергетикалык инфраструктура талкалангандыктан 820 үйдө жылуулук өчүрүлгөнүн, Киевдин райондорунда да жылуулук жана электр менен жабдуу токтотулуп жатканын кабарлады.

  • вуаму

    Кыргызстан менен АКШ Макмал-Каракол темир жол долбоорунун аткарылышын талкуулап жатат

    Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин өкүлдөрү америкалык All American Rail Group компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

  • drthg

    Сокулукта үч бала сууга чөгүп кетти

    Сокулук районуна караштуу Май айылында үч бала каналга чөгүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Окуя 2-февралда болгон. Балдардын баары 2021-жылкы. Алар кошуна жашашкан жана бири-бирине туугандык байланышы болгон. Канал алар жашаган үйдөн болжол менен 300 метр аралыкта жайгашкан.

  • Махабат Тажибек кызы

    Махабат Тажибек кызынын иши Жогорку сотко кайра жетти

    Жогорку сот "Айт Айт Десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын ишин кароону 3-мартка жылдырды. Мындай чечим материалдардын көлөмү чоң болгондуктан, сот курамы иш менен толук таанышып чыгышы керектиги менен түшүндүрүлдү.

  • ИИМ тараткан сүрөт

    Автомектептер боюнча пикирин айтып келген ишкер камалды

    Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2026-жылдын 30-январындагы токтому менен "Айдоочуларды даярдоо борбору" жеке менчик автомектебинин жетекчиси Медербек Тагайбек уулу 28-мартка чейин камакка алынды. Ага "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар" боюнча кылмыш иши козголгон.

  • КР-ЕБ

    Bloomberg: Евробиримдик айрым товарларды Орусияга экспорттогону үчүн Кыргызстанга санкция салышы мүмкүн

    Кыргызстан Европа Биримдигинин санкцияларына кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Украинадагы согушка байланыштуу даярдалып жаткан санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга каршы чаралар да талкууланууда.

  • Поврежденный автобус, рядом с которым стоит несколько человек и лежат тела.

    Шахтерлорду ташыган автобуска орусиялык дрондон чабуул жасалып, кеминде 12 адам каза тапты

    Днепрпетровск облусунун башчысы Павлоград районунда жайгашкан мекемелердин биринин кызматтык автобусуна жакын жерде Орусия дрон менен чабуул жасаганын билдирди. Ал автобус тийиштүү болгон ДТЭК аттуу энергетикалык компаниянын маалыматы боюнча, андан кеминде 12 адам каза таап, дагы 16сы жаракат алышты. Ошол эле күнү Орусиянын дрондору Запорожьедеги төрөтканага да тийген.

  • Аятолла выступает

    Ирандын Жогорку лидери АКШнын чабуулу региондогу согушка алып келерин эскертти

    Ирандын Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи АКШнын кандай гана чабуулу болбосун региондогу согушту тутантарын эскертти. Кошмо штаттары аймакка аскердик учак ташыган кемени жөнөтүп, Иран болсо Ормуз кысыгында суудагы машыгууларын өткөрүп жатат.

  • Жерүй.

    Жерүй кениндеги кырсыкта бир киши каза болду

    Таластагы Жерүй кенинде 27-январда болгон кырсыкта Бакай-Ата районунун Биринчи май айылынын 1975-жылы туулган тургуну каза болду. Анын сөөгү 30-январда жерге берилген. Окуя кендин шахта бөлүгүндө болгон.

  • Ирандык жазуучу Азар Нафиси

    Жазуучу Нафиси: "Ирандын зулум бийлиги чындыктан коркот"

    Декабрдын этегинде экономикалык кырдаалдан улам Иранда нааразылык акциялары башталган. Январдын башында дээрлик бардык ири шаарларда митингдер жана демонстрациялар өтүп, миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Январдын орто ченинде бийлик нааразылык акцияларын күч менен басты – көз карандысыз булактардан алынган маалыматтарга караганда, каза болгондордун саны 30 миңден ашты. Дональд Трамп бир нече жолу Иранга сокку урарын айтып коркутту – АКШнын президенти Тегеранды өзөктүк келишим түзүүгө мажбурлагысы келүүдө.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Көп окулгандар